www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Тайвандагы чыңалууну мындан ары ырбатпаш үчүн АКШдан регионго курал-жарак сатууну жана аскердик багыттар боюнча байланышты токтотууну талап кылды. Бул тууралуу Пекиндин Вашингтондогу элчилигинин расмий өкүлү Лю Пэнъюй билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШнын Тайванга курал сатышы "бирдиктүү Кытай" принцибин жана кытай-америка биргелешкен үч жобону бузуп, Тайвандын көз карандысыздыгы үчүн чыккан сепаратисттик күчтөрдү шыктандырууда. Ошондой эле Тайвань кысыгындагы чыңалууну курчутуп жатат. Мындан ары Кытай өзүнүн эгемендүүлүгүн коргоо жана коопсуздукту камсыздоо жаатында чечкиндүү кадамдарга барат", — деди дипломат.
Дипломат Америка Кошмо Штаттарын "Тайванга курал сатууну жана аны менен аскердик байланыштарды токтоосуз токтотууга, Тайвань кысыгында чыңалууну жаратуучу факторлорду жаратууну токтотууга жана иш жүзүндө АКШ өкмөтүнүн Тайвандын көз карандысыздыгын четке кагып жаткан билдирүүсүн колдоого" үндөдү.
Эске салсак, буга чейин Politico гезити аты аталбаган булакка таянып, АКШ президенти Джо Байден жакында Тайванга 1,1 миллиард долларлык курал сатууну колдоп беришин сурап конгресске кайрыларын жазган. Маалыматка ылайык, кеп 60 даана AGM-84K Harpoon II кемелерге каршы тескелчү ракетасы жана "аба-аба" ракеталар классындагы 100 даана AIM-9X Block II Sidewinder тууралуу болуп жатат.
Булак: NazarNews.kg