www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын South China Morning Post гезити АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин G20 жыйынында Орусияны колдогону үчүн Кытайдын дарегине айткан дооматтарына "Кошмо Штаттардын императордук маневрлары өздөрүнө эле залакасын тийгизиши ыктымал" деп жооп берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Макалада аны - "Блинкен өзүн АКШнын эле эмес, дүйнөнүн мамлекеттик катчысындай сезип алган" деп сыпатташкан. "Блинкен Бээжинден Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоону токтотууну талап кылып, болбосо Вашингтондун каарына калаарын айткан", — деп жазылат макалада.

Басылма Кошмо Штаттардын кастыгы Кытайдын дүйнөлүк аренадагы ийгилиги, туруктуулугу жана анын таасири менен шартталганын белгилеген.

"Вашингтондун империясы да ач көздүккө жана бийликке болгон умтулууга негизделген. Демократия жана ал коргойм деп жаткан адам укуктары жөн эле түстүү көшөгө болуп эсептелет", — деген South China Morning Post басылмасы.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинен эгер Кытай Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам бере турган болсо, өздөрү да жабыр тартып калышы мүмкүн деген таризде айтышкан.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Нед Прайс америкалыктар азырынча мындай аракеттерди байкабай эле турганын билдирип, бирок санкциялык режимдин сакталышын тыкыр көзөмөлдөп турушарын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости