www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзянь Евробиримдикке мүчө төрт өлкөнүн лидерлерине Бээжинге чакыруу жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат каражаттарынын маалыматын четке какты. Бул тууралуу дипломат бүгүн, 19-июлда өткөн брифингде билдирди.
"Алар бул маалыматты кайдан алышканын билбейм. Бул чындыкка дал келбейт", - деди Лицзянь.
Такталбаган имиштерге караганда, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ошондой эле Италия менен Испаниянын лидерлери Кытайдын борборуна келүүгө чакыруу алышкан.
Буга чейин kp.ru сайты жазгандай, Чжао Лицзянь Twitter социалдык тармагында АКШнын Вьетнамдагы, Косоводогу, Ооганстандагы жана Ирактагы аскерий операциялары алып келген көптөгөн курмандыктар жана азаптар тууралуу эскерген.
Эске салсак, Кытайдын Улуттук коргоо министрлиги АКШдан Тайвань менен 108 миллион долларлык курал-жарак келишимин жокко чыгарууну талап кылган.
Булак: NazarNews.kg