www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын бийлиги химикаттардын жардамында жасалма жаан жаадырууну пландап жатат. Муну менен түшүмдү кургакчылыктан коргоо аракети көрүлүп жатканын «Associated Press» (AP) жарыялады.
Ушул жайда Кытайдын бир катар аймактарындагы катуу ысык 1961-жылдагы рекордду жаңылады. Кытайлык синоптиктердин маалыматы боюнча, 15-августка карата Кытайда ысык жалпысынан 64 күнгө созулган.
Бул 1961-жылдын жай мезгилиндеги 62 күндүк рекорддон ашты. Абанын температурасы 40 градустан ашкан метеостанциялардын саны боюнча быйылкы жайда да рекорд жаңыртылган.
Алардын саны — 262. Буга чейин 40 градустан ашкан температура белгиленген 187 метеостанция 2013-жылы жай айында катталган.
Булак: NazarNews.kg