www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон №2 Кош-Дөбө (түндүк) туннелинин өтмөгү толук аяктады.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы билдиргендей, бул долбоордо өтмөгү толугу менен бүткөн биринчи туннель болуп калды.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 104,084 чакырымды түзгөн 29 туннель куруу каралган. Учурда алардын 28инде курулуш иштери жүрүп жатат.
Компаниянын маалыматына ылайык, биринчи туннелдин өтмөгүнүн аякташы темир жолдун техникалык жактан татаал тилкелериндеги курулуш иштеринин илгерилегенин көрсөтөт.
Туннелдер тоолуу аймактарда заманбап технологиялар жана инженердик чечимдер колдонулуп, коопсуздук талаптарын сактоо менен курулууда.