www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян жума күнкү жылдык маалымат жыйынында Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүү процессин колдоо маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматта: "Пекин Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн бардык аракеттерди колдонот", - деп айтылат.
"Украинадагы азыркы кырдаал чындап эле кооптондурат. Кыйынчылыктарды жеңүү жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүдө Орусия менен Украинаны колдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек", - деди Ли.
Белгилей кетсек, Орусия-Украина согушу 24-февралда башталып, бүгүнкү күндө дүйнө элин кооптуу абалга салууда. Айрым лидерлер бул кырдаал үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши да мүмкүн деген божомол айтууда.
Булак: NazarNews.kg