www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Панаманын "Бир алкак, бир жол" демилгесинен чыгуусуна комментарий берди

ПЕКИН, 7-февраль — РИА Новости. Кытай Панаманын "Бир алкак, бир жол" демилгесине катышуусун токтотуу чечимине терең өкүнүчүн билдирип, өлкөнү тышкы кийлигишүүлөрдү жоюп, туура чечим кабыл алууга чакырат, деп билдирди КЭР ТИМинин расмий өкүлү Линь Цзянь жума күнкү брифингде.

Мурдараак Панаманын президенти Хосе Рауль Мулино Панаманын Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгесинен чыгуу чечими АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун жакында болгон сапарына байланыштуу эмес экенин жана бул чечим мурун эле кабыл алынганын айтты. Өлкөнүн Кытайдагы элчиси бийликтерге бул тууралуу тиешелүү документти жөнөткөнүн президент Хосе Рауль Мулино билдирди.

"Кытай АКШнын басым жана мажбурлоо жолу менен "Бир алкак, бир жол" демилгеси боюнча кызматташтыкты жаманатты кылып, бузууну көздөгөн аракеттерине катуу каршы чыгат жана Панаманын өз ара түшүнүшүү меморандумун узартпоо чечимине терең өкүнүч билдирет", — деди Линь Цзянь.

Ал Кытай менен Панаманын "Бир алкак, бир жол" демилгеси алкагында кызматташтыгы акыркы жылдары жемиштүү натыйжаларды берип, эки өлкөнүн элине пайда алып келгенин белгиледи.

"Панама тарап эки тараптуу мамилелердин жалпы абалын жана эки элдин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алып, тышкы кийлигишүүлөрдү жоюп, туура чечим кабыл алат деп үмүттөнөбүз", — деп кошумчалады Линь Цзянь.

Последние новости