www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай жараны Кыргызстандан 355 миң долларды чыгарып кетүүгө аракеттенген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамилекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Кыргызстандан накталай чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгаруу каналына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 1971-жылы туулган Л.Д. аттуу Кытай жараны кармалды. Аталган жаран "Достук автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандан тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 355 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып чыгууга аракет кылган.

Көрсөтүлгөн факт боюнча документтештирилген материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук эсепке алуу журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, КР министрлер кабинетинин тиешелүү чечими менен Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынган:

резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;

Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;

"Эгерде Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 миңден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алуу каралган", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости