www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун аймагында Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз мал алып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы Кыргызстандын Казакстан менен чек арасында контрабандалык ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казакстандан Кыргызстандын аймагына майда жандыктарды мыйзамсыз алып өтүү фактысы токтотулду.

2024-жылдын 4-июлунда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Көл-Жайлоо” тоолуу аймагында УКМК тарабынан Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Талас районунун Нылды айылынын тургундары КР жарандары Т.Р.Б., Т.Р.Б. жана Т.М.Б. кармашты. Алар Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 432 баш майда жандыкты алып өтүүгө аракеттенген.

Учурда аталган факты боюнча КР УКМК иликтөө иштерин баштады.

Последние новости