www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Баодин шаарында "Доксури" тайфуну себеп болгон сел 10 адамдын өмүрүн алып, дагы 18и дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, кырсык болгон аймакта 1,1 миллион адам болгон. 627 миң адам эвакуацияланган. Айыл чарба аймагында нөшөрлөп жааган жамгыр 16 миң гектардан ашуун аянттын эгиндерин жок кылган. Кырсыктын кесепетинен 4,4 миңден ашык имараттар толугу менен талкаланып, 7,2 миң турак-жай жарактан чыгып, 284 көпүрө бузулуп, 550 чакырымдай узундуктагы жолдорду жууп кеткен.

Жергиликтүү тургундарга жер көчкү коркунучу тууралуу эскертилди. Шаарда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Алдын ала келтирилген зыян 2,37 миллиард доллардан ашат деп бааланууда. Шаар бийлигинин маалыматы социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости