www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европанын автоөнөр жайы тарыхый бурулуш чекитине келип такалды. Бир кезде дүйнөлүк стандартты аныктаган немис жана европалык автогиганттар бүгүн заводдорун жаап, жумуш орундарын кыскартып жатышса, кытайлык компаниялар ошол эле Европада жаңы ишканаларды куруп, базарды ырааттуу ээлеп баратышат.
Дүйнөгө белгилүү брендге айланган немис автогиганттарынын кирешеси кулап жатат. Алсак, Mercedes-Benz 2025-жылдын биринчи жарымында таза кирешесинин 56%ын жоготту. Экинчи кварталда көрсөткүч дээрлик 69%га кулап, 3,1 миллиад евродон 957 миллионго түштү. Үчүнчү кварталда операциялык киреше 70%га азайды. Ал эми BMW компаниясынын дагы жагдайы жакшы эмес. Таза кирешеси 2,7 миллиард евродон 1,8 млрдга түшүп, дээрлик үчтөн бир бөлүгүн жоготту. Volkswagen биринчи кварталда 40% пайдасынан айрылды. Жалпысынан 2024-жылы немис “үчтүгүнүн” (Mercedes, BMW, VW) кирешеси 33–40,5%га чейин кыскарган. Stellantis үчүн абал андан да оор. 2024-жылы киреше 70%га азайып, 5,5 миллиард еврого түштү. 2025-жылдын биринчи жарымында концерн 2,3 млрд евро зыянга учурады.
Натыйжада, Германиянын ири машина өндүргөн атактуу заводдору жабылып, миңдеген адамдар жумушсуз калып, Volkswagen 87 жылдык тарыхында биринчи жолу Германиядагы үч заводун жабууда. Компания 35 миң кызматкерди кыскартууну пландоодо. Audi Брюсселдеги электр Q8 e-tron чыгарган заводун токтотуп, 7,5 миң адам жумушсуз калды. Bosch болсо 18,5 миң жумуш ордун жойгону турат. 2030-жылга чейин Германия автоөнөр жайында 100 миңге чейин жумуш ордун жоготушу мүмкүн.
Финляндиядагы жарым кылымдан ашык убакыт Mercedes-Benz, SAAB, Opel машиналарын чогултуп келген Valmet Automotive заводу 2024-жылдын декабрында толук жабылды. AlixPartners консалтинг компаниясы Европада сегиз автоунаа заводу жабылышы мүмкүн деп божомолдойт.
Айтор, Кытай авто өндүрүшү Европаны багынтып, дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу ишканаларды кирешесиз калтыра турган болду. Айталы, учурдагы 2025-жылы Европада кытай бренддеринин үлүшү 5% чамасында болсо, 2030-жылга карата бул көрсөткүч 10%га жетет деп күтүлүүдө. Натыйжада европалык өндүрүүчүлөр жылына 1-2 миллион унаа сатуу мүмкүнчүлүгүн жоготот.
Кытайдын BYD автобренди Венгриянын Сегед шаарында жылына 150 миң автоунаа чыгарган заводду бүтүрүп жатат. Компания Түркия менен Италияда дагы эки завод курууну пландоодо. Ошентип Кытай 2028-жылга чейин Европага арналган бардык унааларды континенттин ичинде чыгарууну көздөп жатат.
Chery Барселонадагы мурдагы Nissan заводун колдонуп, Ebro жана Omoda моделдерин чогулта баштады. Geely Венгрия, Чехия, Словакиядан Smart жана Polestar үчүн аянтчаларды караштырууда. GAC болсо Брюсселдеги Audi заводун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат.
Жалпысынан алты ири кытай автоконцерни Европада завод курууга же сатып алууга даярданып жатат.
Арийне, мындай кырдаалдын өкүм сүрүүсүнө кытай автоунааларынын арзандыгы себеп десек жарашат. Анткени, Кытай электромобилдери европалыктардан орто эсеп менен 30% арзан. Себеби, Германияда электр энергиясы $0,45/кВт⋅саат, Кытайда болгону $0,08 болуп, өндүрүш чыгымдары бир нече эсе төмөн.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Европа өлкөлөрүнүн автоөндүрүш тармагынын кирешси төмөндөп жатканынын дагы бир өңүтү АКШда Трамп администрациясы европалык автоунааларга 27,5% бажы төлөмдү киргизгени болду.
Натыйжада, Stellantis 300 млн евро жоготуп, Түндүк Америкадагы сатуусу 25%га азайды. Volkswagen 1,3 млрд зыянды мойнуна алды. Жалпысынан немис өндүрүүчүлөрү жыл аягында 10 млрддан евродон ашык кирешеден айрылышы мүмкүн.
Эгер азыркы тенденция улана берсе, Европа жакынкы жылдары кытай бренддери үчүн чогултуучу аянтчага айланып калуу ыктымалдыгы күч.