www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баянгол-Моңгол автономиялуу облусунун (Синьцзян-Уйгур автономиялык району, Түндүк-Батыш Кытай) пахта эгүүчү райондорунда түшүм жыйноо мезгили башталды. Бул туурлалуу маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, автономиялуу округдун 3,5 миллион муцден ашык (233333 гектарга жакын) талааларында «ак алтынды» механизациялашты-рылган жыйнап алуунун децгээли 90 проценттен ашкан.
Бул райондун айылдарынын биринин пахта талааларында Кытайдан чыгарылган пахта жыйноочу машиналар ар кандай операцияларды — пахтаны теруу, пресстөө жана таңгактоо иштерин бир заматта аткарууга жөндөмдүү болгон күч-кубат менен иштеп жатат.
"Быйылкы жылы биздин кооператив пахтаны терип, дароо пахта таңгактарына жыйноочу ата мекендик комбайндарды толугу менен жыйноого киргизди, мисалы, 850 килограммга жакын пахтаны таңуу үчүн 5-6 мүнөт гана убакыт кетет. Бул бир күндө 10 жумушчунун пахта тергенине барабар. Акыркы эки күндөгү пахта жыйноо боюнча бул айыл чарба техникасынын таза жыйым темпи 95% дан ашат", - дейт аталган мекеменин технология бөлүмүнүн башчысы Го Шисюе.
Жергиликтүү айыл чарба башкармалыгынын статистикасына ылайык, пахта терүү сентябрь айынын аягында башталып, ноябрь айынын ортосуна чейин уланат. Бул райондо пахта жыйноочу 760 комбайн тартылып, механизациянын децгээли 90 проценттен ашат.
Булак: NazarNews.kg