www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайлык илимпоздор «Чанъэ-5» космостук аппараты аркылуу Жерге жеткирилген Айдын топурагынын үлгүлөрүндө мурда белгисиз болгон минералды таап, аны «Чанъэ ташы» деп атоону чечишти.
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгына жана КЭРдин Атомдук энергия боюнча мамлекеттик башкармалыгына шилтеме берүү менен Кытайдын Борбордук телевидениеси билдиргендей, бул минерал Айда адамдар тапкан алтынчы жаңы минерал, ал эми Кытай өз кезегинде үчүнчү өлкө болуп калды.
Маалым болгондой, окумуштуулар көлөмү болжол менен 10 микрон болгон Айдын топурагынын үлгүлөрүнөн монокристаллдуу бөлүкчөлөрдү бөлүп алып, анын түзүлүшүн чечмелешкен. Белгиленгендей, жаңы минерал мамычалык кристалл түрүнө ээ болгон фосфат минералы болуп саналат. Окумуштуулардын айтымында, «Чаньэ ташы» ай базальтынын бөлүкчөлөрүндө камтылган.
Булак: NazarNews.kg