www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Түндүк Кореядагы бардык аскердик аракеттерди тыкыр көзөмөлдөп турат. Түндүк Корея де-факто өзөктүк сыноолорго мораторийди карманууну улантууда, ал эми Пхеньяндын каршылаштары жаңжалды курчутууну чечишти. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия боюнча биринчи департаментинин директору Георгий Зиновьев билдирди.

Анын айтымында, "Пхеньян 2018-жылдын январында өзөктүк сыноолорго бир тараптуу жарыяланган мораторийди де-факто сактоону улантууда". Акыркы кезде Орусия да Түндүк Кореянын ракеталык чөйрөдө "тыйымдуулугуна" күбө болду. Ошол эле маалда Зиновьев белгилегендей, чыңалуунун күчөгөнү "Пхеньяндын оппоненттеринин" айынан чөлкөмдө байкалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин, Түндүк Корея өзүн өзөктүк куралы бар мамлекет деп расмий атап, өлкө лидери Ким Чен Ын аталган макамдан эч качан баш тартпай турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости