www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев Жогорку Кенештин депутаттарына Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жазып, мэриянын кызматкерлерин өз жыйындарына көп чакырбоону суранды.

«Муниципалитет кызматкерлеринин ишине көз салуу, аларга баа берүү биздин иш, шаардык кеңештин депутаттарынын иши жана биз кандай болгон күндө да өз фракциябызды айта алабыз, мунун үстүндө күн сайын иштеп жатабыз. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектин вице-мэри Орунтаевдин ишин сынга алып, жол боюндагы тротуарларды жана жашыл аймактарды курууну жокко чыгарууну талап кылганы акылга сыйбаган нерсе! Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары! 2015-2016-жылдары өлкөгө тартылган гранттык каражаттардын эсебинен жолдорду, жашыл аянтчаларды, ошондой эле тротуарларды куруу планы эбак эле бекитилип, ишке ашырылууда. Шаар мэриясынын кызматкеринин тең салмактуу жообуна “тыгыла бербе”, “күпүлдөбө” жана башка коркутуулар шаардык парламенттин депутаттары катары биздин кыжырыбызды келтирип жатат.

Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары силер андан көрө республикалык деңгээлдеги «күпүлдөгөн», жана баардык тармакка «тыгыла берген», өзүнүн түз милдеттерин аткара албай жаткан чиновниктериңер эле менен алек болгула», — деп жазат ал.

Эске салсак, бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат жол жана тротуар куруу боюнча көптөгөн долбоорлордо эмне үчүн жашыл аймак каралбай жатканын сурап, мэрия кызматкерин сындаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости