www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Твер райондук соту Казакстан жараны Владимир Чувиловго “орус армиясын дискредитациялады” деген айып менен 50 миң рубль, “пикет эрежесин бузду” деген берене менен 20 миң рубль айып пул салды.

Бул тууралуу “ОВД-Инфо” кабарлады.

Ошол эле маалда сот Чувиловду “миграция мыйзамын бузуу” беренеси боюнча актады. Бул беренеге ылайык, казакстандыкты депортация коркунучу күтүп турган.

Казакстан жараны Владимир Чувилов 19-июнда “Веган согушка каршы. Мындай акылсыздыкты токтоткула” деген плакат кармап, жалгыз пикетке чыккан. Ал “Кытай-шаар” полиция бөлүмүнө жеткирилип, бир түнгө камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости