www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Күлүйпа эже, сиз жасап, элди сакайтып жаткан эликсирдин курамы кандай? Ал кандай дарттан кабылгандарга жардам берет?
-Бул бир канча чөптөрдүн жана дарылык касиети күчтүү тамырлардын кошулмасынан жазалат. Бул эликсир канды тазалоодо миңдин бири деп айтсам болот. Анткени, кан тазаланса, адамдын ден соолугу чың болот. Бырыштары кетип, териси жаман дарттардан алыс болот. Бул эликсирди ичип көргөндөр, беттин булчуң эттерине чейин таасири тийип, бырыштарды жок кылаарын, дарылык касиети күчтүү экенин айтып, жакшы бааларын берип жатышат.
-Сиз жасаган эликсир кандай дарттарды жок кылууга багытталып жасалат?
-Жалпы жонунан кан оорудан жабыркагандарга жардам берет. Ошондой эле боор ооруудан, бөйрөк ооруудан жабыркап, дартына даба таппай жүргөндөр ичсе болот. Бул эликсир канды эле эмес, ички органдардын баарын тазалайт. Ал турсун жоон ичегини тазалап, андагы инфекцияны, суук тийгендин баарын кетирет. Геморройдон арылтат. Жатынды тазалайт. Кыскасы, бир канча жанды кыйнаган дартка даба болот.
-Боор, бөйрөк алмаштырыш керек дегендерге жардам береби?
-Алгач андай адамдардын абалын көрүшүм керек. Канчанчы стадияга жеткенин билишим керек. Анан ичсе болоор, болбосун айтам. Негизи көпчүлүгүнө жардам берерине ишенем. Анткени, кан тазаланса эле, боордун, бөйрөктүн иштеши жакшырат. Көптөр ойлойт. Боорду, бөйрөктү алмаштырып алсак эле өмүрүбүз узарат, жанды кыйнаган дарттан арылам деп. Бир канча миң долларларын коротуп, чет мамлекетке барышат. Көп учурда өздөрү күткөндөй жыйынтык алалбай калышат. Анткени, боорду алмаштырса эле маселе чечилип кетпейт. Канды тазаламайын, адам 100 пайыз дарттан арылбайт. Мен чөптөрдүн жана өзүм тамырлардын кошулмасынан жасалган эликсир аркылуу канды тазалап, анан боор, бөйрөктүн иштешин жакшыртам. Кан тазаланса, ракка чалдыгып бараткан органдардын иштөөсү жакшырып, чоңоюп, өсүп бараткан шишиктер кичирейип, өспөй калат. Тагыраагы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан шишиктер өспөй калат. Азыр анар, кал, меңди алдырышат. Бирок, ошол эле учурда алдырган жерлери сезгенип калып, ал жери жаман дартка чаап кегкен учурлар арбын. Бул эликсирди ичсе, адамдын каны тазаланып, чоңоюп бараткан анар да, менда, кал да кичирейет.
-Эмчек эмгизген аялдар ичсе болобу?
-Эмчек эмгизген аялдар ичсе, сүттүн курамы бузулуп, сүт көк сууга айланып калат экен. Ошон үчүн эмчек эмгизген аялдарга сунуштабайм.
-Канды тазалаарына кепилдик барбы?
-Бар десем жаңылышпайм. Анткени, менден дарыланып жүргөн адамдардын көбү анализ тапшырганда каныңыз жаш баланын канындай экен деп таңгалгандарын айтып кетишти. Демек, мен жасаган эликсир жаман дарттарды жеңүүгө да салым кошуп, адам емүрүн узартарына ишенем. Бул эликсир канды халестиринден дагы тазалайт. Кан тазаланганда бет агарат, ич органдардын иштөөсү жакшырат. Кан тамырлар тазаланып, муну ичкен киши тромб деген балээге жолукпайт. Жылына бир курс ичип койсо, ашыкча салмакдан да арылат.
-Аны канча өлчөмдө жана кайсыл маалда ичет?
-Эртең менен кечинде бир чоң кашык менен ичип, артынан жылуу сүт же жылуу суу ичип коёт. Бул эликсир ичип бүткөндөн кийин да 2-3 айга чейин эффект берет.
Булак: Ачык саясат