www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу "Жаңы Ордо" гезитинин Башкы редактору!
Мен, Мирзамуратов Жамалдин, ордолуу Ош шаарынын Ош көчөсүнүн тургуну, Сизге Кайрылуумдун себеби; 12 жылдан бери бийлик өкүлдөрү менен соттошуп, Ош көчөсүнүн жалпы тургундары жашап жаткан турак-жайларыбызды буздурбай келе жатабыз.
Анткени, биринчиден, мамлекет биздин жашап жаткан үйлөрүбүздүн ордуна иифраструктурасы бар жер участокторун бере албайт, базар баасында үйлөрдү сатып алалбайт (выкуп);
Экинчиден, Ош шаардык мэриясы үйлөрдү бузуу жөнүндө токтом чыгарып, аны ишке ашырганга укугу жок болгон;
Үчүнчүдөн, Ош шаардык прокуратурасынын 2013-жылдын 21-октябрындагы Ош шаардык мэриясына жолдогон № 11-76-843-13 сандуу эскертүүсү (предостережение) турат;
Ош кечөсүнүн тургундары менен биргеликте кайрылбаган инстанция калбады. Сиздердин "Ордо" гезитинен Оштун Панфилов көчөсунүн жашоочуларынын кайрылуусун окуп, биз да Сизден көзкарандысыз журналисттик иликтөө жүргүзүп берүүңүздү суранабыз.
Анткени, Панфилов көчөсүнүн жашоочуларына келген доо арыздар Ош көчөсүнө да келген. Бул доо арыздардын мазмуну бирбирдей. Адегенде экотехинспекциядан бизге келген доо арыздар менен таанышып чыгып, андан кийин Панфилов көчөсүнүн жашоочулары менен байланышканыбызда, алардан Ош шаарынын прокуратурасы экотехинспекцияга жиберген сунуш каттын көчүрмөсүн берүүдөн баш тарткандыгын уктук.
Албетте, эгерде прокуратуранын сунуш каты мыйзамдуу болгондо, алар сунуш кат менен тааныштырууга, берүүгө милдеттүү болчу. Анткени, прокурордун сунуш каты биздин көптөгөн жылдардан бери ээлик кылып отурган жеке менчик үйлөрүбүзгө тиешелүү болуп жатпайбы!?
Прокуратуранын бул "секретный" сунуш катын башка жолдор таптык. Бирок, сунуш катта көрсөтүлгөн токтомдо Ош көчөсү, Панфилов көчөсү жөнүндө сөз болгон эмес. Токтомдо Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан базардагы обьектилер көрсөтүлгөн.
Албетте, прокуратуранын сунушу, эко-техинспекциянын сотко келтирген доо арызы Ош мэриясынын буйругу экеидигин билебиз.
Урматтуу Башкы редактор! Мен Сизден суранамын, Ошко келип элдин үнүн угуп кетиңиз. Колубузда биздии жеке менчик укуктарды -1 далилдеген тиешелүүдокументтердин бардыгы турат.
Калк айтса, калп айтпайт, -деген накыл кеп бар эмеспи. Ошто жашаган калктын атынан шаарда болул жаткан көптөгөн мыйзамсыз иштер боюнча Сиздерге толук маалымат берүүгө даярмын.
Терең урматтоо мененЖ. МИРЗАМУРАТОВ .
PS. Эгерде Сиздердин гезит аркылуу бизин үнүбүз Президентке жетпесе, демек Президент элден алыстал калган экен, — деп түшүнөбүз. Ош шаарынын айрым жашоочуларына кедергисин тийгизип кеткен экс-мэр Мелис Мырзакматоедун тагдыры эмне болгондугун эл жакшы билет. Өз элин кыйнаган Кокон ханы Кудяр-хан дагы бөтөн жерде элине зар болуп көзү өткөн. Мен Президентибиздин көрөгөчтүгүнө терең ишенем. Президенттин: "Мен Акаевдин, Бакиевдин тагдырларын кайталагым келбейт!" деген сөздөрү эсимден кетпейт...
Булак: Жаңы Ордо