www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун алдындагы илимдер боюнча Эл аралык вакциналар институтунун башкы директорунун орун басары, дарыгер Михаил Фаворов Ташкентке келди. Аны менен бирге Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо боюнча министри Алишер Шадмонов коронавирус жөнүндө лекция окушту жана “монгол-түрк үч бурчтугу” тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу CentralAsia жазып чыкты.

Фаворов 11-мартта Монголияга иш боюнча барган Франциянын жаранынан коронавирус аныкталганын белгилеп өттү.

--Биз өзбекстандык кесиптештерибиз менен “монгол үч бурчтугу” деп аталган коронавирус жукпаган өзгөчө өлкөлөр бар экендигин байкадык. Көпкө ойлонуп, коронавирустун жукпагандыгынын себеби Орто Азиядагы кургак аба, өзгөчө климат же башка мамлекеттерде колдонулбаган, зыянкечтерден тазалануу үчүн пайдаланылган адырашман (ысырык) болушу мүмкүн деп ойлодук. Азыркы учурда төлгө ачуу жана ой жоруунун пайдасы жок.

Бирок факт деген факт боюнча кала берет. Орто Азиянын бир да өлкөлөрүндө COVID-19  катталган факт жок жана катталбайт деген үмүттөмүн,-дейт конференциядагы сөзүндө Фаворов.

Өзбекстанда аны исрык же адраспан (адырашман) деп аташат. Ал эми ботаникада бул өсүмдүк гармала деген наамга ээ. Ал биздин заманга чейинки VII-V кылымдарда “Авесттин” доорундагы байыркы улуу зороастризмдик китептерде адырашман-тынчтандыруучу жана тазалоочу каражат катары сүрөттөлөт.  Аны менен бейтаптарды, храмдарды түтөтүп, сөөктү көмүү жөрөлгөлөрүндө колдонушкан.

isryk-03

Коронавирустун дүйнөгө жайылышы пандемия мүнөзүнө өткөнүн Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму Twitterдеги расмий баракчасында билдирген.

Эске сала кетсек, пандемия-бул дүйнөлүк масштабдагы жаңы илдеттин тарашы. Буга чейин пандемия катары чума жана холера оорулары эсептелчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости