www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалым Өмүрзаков Аламүдүн райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” маалымдады:
- Уюшкан кылмыштуу топтордун ар кандай кылмышка шектүү фактылары текшерилип жаткан. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде анын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Ал учурда эки кичине баштык баңгизат табылды. Азыр эки айга камалды.
Милициянын маалыматында Мурсалым Өмүрзаков Орусияда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөнүнө байланыштуу үч жылга соттолгон. Ал жаза мөөнөтүн жакында эле өтөп бүтүп, Кыргызстанга депортация болгон. ИИМдин маалыматы боюнча кылмыш чөйрөсүндө "мыйзамдагы ууру" статусу бар - деп билдирди Азаттык.
Булак: NazarNews.kg