www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ жакында мен интернеттен чоң жылан менен ойноп жаткан балдарды көрүп калдым. Эки-үч жашар эки бала кадимки питон жыландын үстүнө минип алып ойноп жатышат. Ал эми жылан болсо аларга көңүл да буруп койбой, үстүнө минип алган секелектерди жай гана акырын сүйрөп кетип баратат.
Ошондон көп өтпөй дагы бир жолу интернеттен жыландар менен ойноп жаткан жаш балдарды көрдүм. Кадимки эле уулуу жыландар, алар чакчу болсо дароо эле мүрт кетчүдөй, бирок ары-бери томолотсо дагы, сүйрөсө дагы чакпайт. Эмне себептен андай, таң калычтуу. Ушулардын баарын көрүп отуруп тээ качандыр бир кезде, же тагыраак айтканда, мен бала кездеги бир окуя эсиме түшөт.
Анда мен алтынчы-жетинчи класстарда окучумун. Менин бир жакшы көргөн жеңем боло турган эле. Анткени кыштын күнү катуу суукта суу колонкага уйларды сугарганы барганда мени жылуу үйгө отургузуп коюп, тоңуп калган колонкага ысык суу алып барып чыгарып, анан мага уйларын кошуп берип чыгарып жиберчү. Уйлардын баары суу ичкенче мен мештин жанына отуруп алып кадимкидей жылынып алчумун. Ооба, баары көз алдымда.
Жеңемдин аты Жанара болчу. Аталаш туугандарыбыздын баласынын аялы болгондуктан, анын үстүнө бир топ эле улуу да болгондуктан, аны атынан атабай жеңе деп кайрылчумун. Анын сыры мага байкем оорудан каза болуп калгандан кийин ачылып отурбайбы. Мурун бул сырды эч ким билчү эмес.
Муну убагында байкем эле билчү экен, бирок бул жөнүндө эч кимге оозунан чыгарбаптыр, маалымат бербептир. Сыягы, чочулашат деп ойлосо керек. Алардын жашаганына он жыл болуп калса дагы балалуу болушкан эмес. Байкем каза болгондон кийин деле жеңем төркүндөрү жакка көчүп кеткен жок. Төрт бөлмөлүү үйүндө өзүнүн оокатын кылып жалгыз жашап жүрдү. Кийинчерээк "анын үйүңдө жыландардын ордосу бар экен" деген ушак сөз кичинекей айыл ичинде дуу-дуу болуп айтылып жатты. Ооба аны өз көзүм менен да көргөм.
Таңга жуук уй кошуп кетип баратсам, жеңем эки жыланды колуна кармап алып сыртка чыгып баратыптыр. Мени көрө коюп жылмайып койду.
-Коркпой эле кой, булар эч кимди чакпайт. Андан көрө булар жөнүндө эч кимге оозуңдан чыгарба, макулбу? -деди.
Бирок ал жөнүндө мен апам менен атама айтып таштадым. Бул алар үчүн жаңылык деле эмес экен. "Анын жыландары илгертеден эле бар. Кичинекей кыз кезинде эле койнуна кирип жатып
алышчу экен, азыр деле ушинтишет" деп айтты атам мага. Кийинчерээк бул жөнүндө жеңем өзү да айтып берген.
"Билбейм эмнеси экенин, түн ичинде келе беришет койнума. Же ошолор жактырган өзгөчө жыт барбы менде же магнитим барбы, өзүм да түшүнө бербейм. Алар дегеле мени чагышпайт. Эртең менен уучтап чыгып эшикке ыргытып ийем, алар кетип калышат. Кээде бирден, экиден же үчтөн келишет. Мен аларды байкабай басып алган күндө да чагышпайт. Ошол себептен жаш кезимде конокко барганда үй ээлерин далай эле ызы-чуу кылган күндөрүм болгон. Каякта болсо да койнума кирип келишет".
-Такай эле ошол жыландар келишеби же башкалар дагы келишеби?
-Каякка барсам ошол жактагы башка жыландар келишет, Кыш мезгилинде эле болбой калбаса, жайкысын бат-бат келип турушат.
- Коркпойсузбу?
- Жок, апамдын айтуусу боюнча, мен талаадан, жайлоодон айылга көчүп баратканда жол боюнда төрөлүпмүн. Ошол жерде жыландардын ордосу бар имиш. Бешикте жатканда деле, там-туң басып калганда деле жыландар менен ойной берчү экенмин. Аларды адегенде апам көргөндө жүрөгү түшүп калыптыр. Көзү ачык кишилерге, мол-олорго барып айтса "тим кой, алардын пайдасынан башка зыяны жок" деп айтышыптыр. Ошондон кийин апамдын жүрөгү тынчтанып мени жайыма коюшуптур. Там-туң басып калган убакта жыландарды уучтап алып ары-бери сүйрөп ойноп жүрө берчү экенмин. Мени көргөндөрдүн жүрөктөрү ооздоруна тыгылчу экен. Мына ошондой кайним, бул сен үчүн чоң жаңылык болуп атса, башка кайындарымдын баары билишет.
Айыл ичинде бул жөнүндө сөз болгону менен бара-бара көнүгүшүп тычып калышты да, жашоо өз нугу менен кетип атты. Байкем каза болгондон дээрлик тогуз жылдан кийин ошол жеңем каза болду. Анын сөөгүн жуурда боз үйгө эч ким кире албай койгон. Анын өлүгүнүн жанына жыландар жайнап кетишиптир. Аларга ак чачып, сүт чачып атып араң дегенде кетиришкен. Кийинчерээк мүрзөсүнүн тегерегинде да бирин-серин жыландар жүргөнүн көрүп калышкандар бар экен, бирок мен аларды бир да жолу көргөнүм жок. Баса айтмакчы, анча бийик эмес мүрзөсүнүн үстүндөгү дөбөчөдөн бир-эки жеринен оюлган тешикчелерди байкагам. Бирок жыландар тешкенби же башкалар тешкенби аныктоо кыйын. Баарынан таң калычтуусу, эмне себептен жыландардын баары аны жакшы көрөрү азыркыга чейин мен үчүн табышмак боюнча калды.
С.Кадыркул, Нарын району
Булак: Шамбала