www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Түркия президенти Эрдоган чын эле жеңишке татыктуубу?

--Түркиянын бүгүнкү президенти Р.Т. Эрдоган жалпы түрк тилдүү элдердин лидерине айланды десем жаңылышпайм. Эгерде Кемал Ататүрк азыркы Турция мамлекетин саясий жактан түптөсө, Р.Т.Эрдоган Турция элин жакырчылыктан алып чыгып, Туркияны дүйнөдөгү күчтүү он өлкөнүн бирине айлантты.

Мындай ийгиликке ал Путин сыяктуу эле улутчулдук, өз элин, аньш тилин, динин, маданиятын, тарыхын чексиз сүйгөндүгү, өз улутунун кызыкчылыгы үчүң көз карандысыз, эгемендүү тышкы саясат жүргүзгөнү менен жетишти. Евросоюзга мүчө болуш үчүн элинин дини болгон салттуу мусулманчылыктан баш тарткан жок, өзү эл катары мечитке барып, намаз окуйт (биздин депутаттарга окшоп, иштеген жерин намазканага айлантпайт), же коңшуларына окшоп түрк элин "сакалчандарга" бастырып, радикалдык исламчыл кылып, ислам согушуна жол берген жок. Батыштын гендердик саясатын "биздин аялдар жаратылыштын мыйзамы менен жашайт" деп жолотподу, батыштын демократиясын өз элине ылайыктап кабыл алды. Түркияда мамлекеттик тил катары бир гана түрк тили сүйлөнөрүн, улутук дин катары ислам дини эсептелерин, дүкөн-базарларында түрк лирасы, түрк товарлары сатыларын реалдуу камсыз кылды. Түркиянын тарыхын, маданиятын, спортун, каада-салтын, түрк тилин дүйнөгө даңазалоодо. КМШ өлкөлөрүнүн түрк тилдүү тектеш элдерин бир тууган катары эсептеди. Жардамдарды берүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости