www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде шаардык кеңештин У.М. аттуу депутатынын үйүнөн 960 грамм героин табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Бул тууралуу маалыматты Аззаттык билдирди.
Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин негизинде Баткендин ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы 1963-жылы туулган У. М. аттуу жарандын үйүн тинтүүгө алып, көмүр сактаган жайынан бир килого жакын баңгизат тапкан.
Шаардык кеңештин бул депутаты баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү катары милициянын тизмесинде турган. Ал ири өлчөмдө баңгизаттарды сатууга аракет кылып жатканы боюнча ыкчам маалыматтар түшүп, тинтүү жүргөн.
Учурда кылмыш иши козголуп, кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат. ИИМ шектүү жарандын толук ысымын ачыкка чыгарган жок.
Булак: NazarNews.kg