www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети он жылдыктын түбүнө жетсе да саясаттан кеткиси келбеген бир затына төп келбеген генерал жашайт арабызда. Кандай кызматта жүрсө да өзүнүн гана керт башынын кызыкчылыгына кам көргөн Феликс Куловду жактырбагандардын “кабыгы” калыңдап кеткени калп эмес. Болбой эле көшөкөрлөнүп өзүн актоого ашыккан кишинин улам былыктары былтыйып чыкканына карабастан тамтаңдап акылын айтканына ичине “сары суу” толгондор бар экендигин билебиз.

Жагалданганды куп үйрөнгөн бул адам убагында Жанышты өлө мактап “үч тамганын” орун басарлыгына жеткирген. Ошонусун кайталап өткөндө ажонун үкөсүнө кошомат кыла баштады. Анын эскилиги жеткен “байпактай” болгон кептерине азыркы журт башчысы муктаж эмес. Өткөндө бир кыргыз басылмасына этектей кылып берген баяндамасына каршылар көп чыкты. Кезинде Батукаевдин “акырын” жыттаган “желим баштыктын” азабын бере тургандар жайнап кетти. Полковниктердин ортосуна кыпчылган адамдын  аянычтуу абалына негедир ылым санагандар жокко эсе болгону эмнеден? Чамасы анын толгон шишиктери эми жарылат окшойт а-аа?

Мунусуна барк-баа берилип бүтө электе ЖКдагы депутат Зарылбек Рысалиев айрым мурдагы министрлердин дарегине “чагылган” түшүрдү. Жалгыз эле Кулов эмес алардын катарына Ш.Атаханов, Б.Шерлер да киргени аябай бүйүр кызытты. Ал тургай Азиз Батукаевдин жашылбайлары кайсыл “сугалактардын” алкымынан орун тапканын кези келгенде айтаарын тайманбай билдирди.

Бул багыттамасына чычалаган Феликс –“Сен фантазияңа жетеленбей, депутаттык ишиңди кыл”-дегенсиди. А бирок, парламенттеги эл өкүлү  талылуу маселени неге эстебеши керек? Негизи Феликстин чуулгандуу окуяларын кумурскадай жайнатып чыгарчу эр көкүрөк кишилер деле толтура. Тымызын сактаган криминалдык окуялар акыры бир күнү чубалып чыгаттыр?  Эч кимди тоотпогон Өмүрбек Бабановду деле каратып туруп мандатын жулуп   алган Закенин “архивинде” далай сонундар бар экендигине ишенебиз. Ошондуктан сак жүрүүсү кажет. Амалкөй Куловдун эмнеге барарын байкабадык беле? Айтор, ак менен каранын ортосундагы тирешүүнүн жыйынтыгы элге пайдалуу бүтсө экен...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости