www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жүргүзгөн саясаты четинен жемишин берип келе жатат. Атамбаевдин кадрларын айтпаганда, Түндүк бажы кызматынын башчысы Нурбек Айбашевдин кармалуусу  жана үйүнө жасалган тинтүү бийликке болгон ишенимди  күчөттү. Нурбек Айбашевдин үйүн тинтүүгө алганда элдин ага карызы 1миллион доллар  жана ар бири 50 миң АКШ долларынан турган 25 алтын саат чыккан. Хан сарайы жомоктогудай. Эми аталган мүлктөрүнүн баары мамлекеттин карамагына өтүшү керек. Элдин эсебинен байыган коррупционерлердин  орду түрмөдө. Айтмакчы, Нурбек Айбашевге коррупция беренеси боюнча иш козгошу керек болчу. Эмне себептен ага кызмат абалынан  кыянаттык менен  пайдалангандыгы боюнча  кылмыш иши козголду? Буга кошумча коррупция беренеси да  коюлушу шарт. Эгер ушунун баарысы ишке ашып, Айбашев үй камагына чыкпастан он беш жылдан ары көздөй соттолуп кете турган болсо, бийликке болгон элдин ишеними күчөйт.

Булак: “Ачык Саясат”

Последние новости