www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Буга чейин элге жексур катары көрүнүп калган Мээрбек Мискенбаев ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп чыккан, анын сөзүн экс-президент Алмазбек Атамбаев да кайталаган. Сиз КСДПнын Нарындагы өкүлүсүз жана мындай талапты колдойсузбу?
- Мен КСДПнын мүчөсү катары эч качан мындай талапка кошулбаймын. Тескерисинче аны айтып жаткандарга каршымын. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков эки башка тармакта иштеп жатат. Экөөсүн тең эл шайлаган. Асылбек Шарипович керек болсо агасы үчүн спикерлик кызматты тапшырып берген. Андыктан мындай талапты тез арада токтотуш керек.
- Бир туугандардын бири президент, бири депутат болсо үй-бүлөлүк башкаруу кайра орнойт деген чочулоолорго негиз барбы?
- Мындай чочулоо эл арасында жок. Аны кимдер кандай максатта чыгарып жатканын эл көрүп турат. Президент эч качан инисинин же бир туугандарынын сөзүнө кирбейт. Аны жакшы билебиз. Тыкан, таза, булганбаган адамдар. Мындай жетекчилер көбүрөөк иштеши керек.
Булак: NazarNews.kg