www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөксүз калган өрдөктөр

Бразилиянын Куритиба шаарында болуп өткөн табышмактуу жагдай жергиликтүү элдин үшүн алганын Massa News басылмасы билдирген. Маалыматка таянсак, Сидней дос Сантос аттуу фермердин бири тоокканасына киргенде жерде жайнап өлүп жаткан тоок, өрдөк-каздарын көрүп үрөйү учкан. Таң калычтуусу, өлгөн канаттуулардын саны 60 болуп, бардыгынын төшү тешилген экен. Дагы иликтей келгенде канаттуулардын жүрөгү жок болуп чыккан жана кызыгы тооккананын ичи канга ныпым булганган эмес, бир тамчысы дагы жерден табылбаптыр.

"Бала болуп башыма жүн чыкканы мындай окуяны биринчи жолу көрүп жатам. Эгер ит кирип, 2-Знү өлтүрсө, түшүнөт элем. бирок бул акылга сыйбас иш болуп жатпайбы?" деп журналисттерге Сидней маалымат берген. Окуяга күбө болгондор тоокканага ит-куш кире турган болсо, алар чуру-чуу салмак дешет. Дабышын билдирбей келип, тоок, өрдөк-каздардын жүрөгун сууруп кеткен эмне болгон жандык деген суроо эми изилдөөчүлөрдүн башын маң кылууда.

Ушуга окшош окуя буга чейин АКШ, Мексика, Аргентинада болуп, анда уй, койлордун тилин, кулагын, ички органдарын сууруп кеткени кабарланган эле. Кээ бир изилдөөчүлөр муну чупакабрадан, уфологдор бөтөн планеталыктардан көрүп жатышат.

Булак: Сырдуу дүйнө

Последние новости