www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Корвалол" иштен үч лөктү кызматтан  жыгып түшкөнү аз келгенсип, ТИМ министри Эрлан Абдылдаев менен элчи Кылыч Султандын тирешүүсүн ачыкка чыгарды. Эки "үлкөн" кызматтан алынгандан кийин эле өздөрүнөн кеттиби же алар дагы күйүтүнө чыдабай "корвалол" ичип алганбы, айтор, элчи Кылыч Султандын Фейсбук баракчасында түшүнүксүз посттор көп чыгууда алардын бирин алсак төмөнкүдөй жазылган:

"Edil Baisalov, 5-6 жыл мурда мен министрликтен кеткенден кийин мени кафеге чакырып үй-бүлөң менен жашабай калганыңды айтып, мени менен "мамиле" кургуң келгениңди айтканыңда, эмне дээримди билбей кафеден акырын чыгып кеттим эле. Катуу таарынган экенсиң... Түшүнчү, Эдиль, мен сендей эмесмин!"- деген.

Андан кийинки жарыясы да көпчүлүктү таң калтырды: "Улан Джумаков мырзага апрель же май айында кайрылдым эле. Тышкы иштер министрлигинде алардын коррупциялык иштерине байланыштуу документтерди жок кылганы жатышат деген маалымат түштү. Юридикалык кеңеш сурап, анан президентке маалымат жеткирүү мүмкүнчүлүгүңүз барбы деп... Ошол убактан бери президенттик аппаратка да кайрылып келгем. Туура эмес айтып алсам, Улан мырза, кечирим сурайм"- деген билдирүүлөрдү байма- бай жазууда. 

Булардын баарынан да төмөнкү билдирүүсү резонанс жаратты: "Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым"- дейт ал өз сөзүндө. 

Бийлик иш козгойм десе эле "мен бул бийликти тааныбайм" деп калгандары эле жаман да анан.. Биздин аткаминерлер кылган иштери үчүн жооп берүүдөн коркуп, шак эле "бийликти тааныбайм" деп ар кимден баш паанек сураганга "маш" келишет.

Элчинин болгон деңгээли ушулбу же анын баракчасын кимдир бирөөлөр сындырууга аракет кылганбы түшүнүксүз бойдон калууда.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости