www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан "элчилик аэропорттон адамдарды тосуп алуу менен алектениши керекпи", Тышкы Иштер Министрлигинин «шашылыш» деген белги менен 6-февралда Кыргызстандан бара жаткан делегацияны тосуп алуу боюнча жөнөткөн катын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Биздин маалымат агенттик бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылганда министрлик Түштүк Кореяга делегацияны Мамлекеттик спорт агенттиги жана Улуттук олипиадалык комитети жибергендигин, ал делегацияда кышкы олимпиада оюндарына катыша турган спортчулар болгондугун билдирди.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги олимпиадага катышуу үчүн барган спортчуларды бардык өлкөлөрдүн элчилиги тосуп алып жаткандыгын, бул жерден эч кандай маселе көрбөй турушканын айтышты.

Мамлекеттик спорт агенттигинин маалымат кызматы 6-февралда Түштүк Кореяга учуп кеткен делегация олимпиадага катыша турган спортчулар экенин жана Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү экенин билдирди. Спорт агенттигинин маалымат кызматы делегация курамында 2 спортчу, 2 машыктыруучу бар экенин, ал эми канча олимпиада комитетинин өкүлү учканын тактаган жок.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанга байланышып, ал жарыялаган кат спортчуларды тосуп алуу боюнчабы же башка адамдардыбы тактаганга аракет кылып жатабыз.

Булак: говори тв

Последние новости