www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— 8-февралда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө башчысы күч органдарынын ишин сынга алып, Башкы прокуратура ишин натыйжалуу аткара албай жатканын билдирди. Мамлекет башчысы билдиргендей, 2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иш козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. 

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган. Мындай жыйынтык элди канааттандырабы?

— Албетте, элди канааттандырбайт. Негизи күч органдарын реформалоо милдетин 2016-жылдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев койгон. Тилекке каршы, реформалар бүгүнкү күнгө чейин алдыга жылбай келет. Ал эми прокуратура кызматкерлери кылмыш иштерин козгогону менен анын көпчүлүгүн далилдей албай, коомчулуктун сынына да кабылууда. Президент Сооронбай Жээнбековдун келтирген сандары эле баарын көрсөтүп турат. Эми өлкө башчысы бул багытта чечкиндүү кадамдарды жасап, тиешелүү жетекчилерге катуу талаптарды коюшу керек.

— Президент сот системасын да сынга алып, оор кылмыштарды жасаган адамдарды бошоткон соттор мыйзам чегинде жазага тартыларын билдирди. Эл ишениминен кетип, адам тагдыры менен ойногон сотторду кантип жазаласа болот?

—  Негизи укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, сотко жеткирип жатканы менен алар актап жиберип жатат. Кээ бир сот өкүмдөрү абдан эле кызык. Андыктан сот реформасына да катуу киришүү керек. Элдин сотторго болгон ишеними да төмөндөп кетти. Мыйзамсыз чечим чыгарган, оор кылмыш кылгандарды актаган сотторду президент айткандай жазага тартыш керек.

Булак: "Багыт"

Последние новости