www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезектеги дүйнөлүк экономикалык кризистин эпкини катуулай баштады. Кыргызстанда эмитен эле анын таасири сезилүүдө. 107ге чамалаш түрдөгү товарлар жана кызмат көрсөтүү орто эсеп менен алганда бир жарым эсеге кымбаттады. Албетте, «президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин күнөөсүнөн болуп жатат» дегендер аз эмес.

Болжол менен ушундай эле масштабдагы (1,5 эсе) кымбатчылык КМШнын баардык өлкөлөрүндө байкалат, атургай дүйнө жүзүндө дагы. Мына ошондуктан, өлкөдөгү кымбатчылыкка мамлекет башында тургандар гана күнөөлүү (1) деп ойлобойм. Мында, биздин башчылардын айыбы жарым-жартылай гана, калганы АКШнын Федералдык резервдик системасына байланыштуу. Келгиле, биргеликте бүткүл дүйнөлүк экономикалык рецессиянын башталышына эмне себеп болгонун талдап көрөлү.

Өткөн жылы ФРС 9 трлн доллар, андан соң Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин дагы 500 миллиард доллар басып чыгарганынан баштасак туура болчудай. Экономикалык билими жок карапайым жаран дагы АКШнын реалдуу экономикасы бул көрүнүшкө тең салмактуулук менен өсө албаганын жакшы түшүнөт.

Башкача айтканда, АКШ экономикасынын капитализациясы валюталык эмиссиянын масштабына дал келбейт. Кризистин тамыры 1944-жылдагы Бреттон-Вуд келишимдеринде жатат. Анда АКШ башка өлкөлөрдүн экономикасынын алсыздыгынан пайдаланып, валюта «жуурканын» өздөрүнө тартып алган.

Дүйнөлүк негизги валютаны долларга байлап коюшкан. Дүйнө жүзү жана америкалыктар өздөрү дагы бул оюн акыйкатсыз болуп калганын жакшы билет. Бирок кандай болгондо да АКШ ошондон бери өзүнүн катачылыгын акча басып чыгаруучу станоктун жардамы менен жаап келе жатат, бул планетадагы бардык өлкөлөрдүн валюталарынын девальвациясына алып келүүдө.

Дүйнө мамлекеттеринин борбордук банктары, анын ичинде КР Улуттук банкы дагы, өз валютасын девальвациядан сактап калуу аракетинде абадан чыккан долларларды сатып алууга аргасыз. Анын үстүнө, дүйнө өлкөлөрүнүн бийлиги жеке көрөгөчсүздүгүн жаап-жашыруу үчүн акча басып чыгаруучу станогун ишке киргизип жиберип жатпайбы, алар да долларды девальвациядан коргоо аракетинде, а мунун баары аба долларларынын пайда болушунун бирден-бир себеби.

Биздин Улуттук банкты өзгөчө белгилегим келет, ал сомдун курсун кармап калуунун саясатташтырылган ыкмаларынын айынан баасыз долларларды сатып алууну улантып келет, а бул биздин рыноктун капитализациясына жана акчалай эквивалентине ылайык келбей калууда.

«Улуттук банк саясаттан көз карандысыз болуш керек» деген эрежени кыйгап өтүп, эч кандай баага ээ болбогон сомдорду чыгарууда да, ал баасы жок доллардын куну көтөрүлүп кетишине алып келип жатат. Мисалы, учурда бизде бюджеттегилер менен пенсионерлердин каражатын көбөйтүү саясый зарылчылыгы бар. Шайлоонун алдында бул кайсы бир денгээлде ишке ашырылды.

Бирок биздин ИДП көтөрүлгөндүктөн, пенсиянын базалык жана кепилдендирилген бөлүгүн көбөйтүүгө көмөк берди дей албайм. Болгону биздин Улуттук банк арзыбаган акчанын жетиштүү суммасын басып чыгарып койду. Бизде акча басып чыгарууга жеке мүмкүнчүлүгүбүз болбогондуктан, кыргыз акчасы башка өлкөлөрдө басылып чыгаарын эске алсак, анын санын биздин мамлекеттик түзүмдөр кылдат көзөмөлдөй албайт.

Жыйынтыгында, карапайым эл жабыркайт, анткени олигархтарыбыз менен бизнесмендерибиз жеке кирешелеринен кол жууп калбоо үчүн өздөрүнүн тийиштүү өзгөртүүлөрүн киргизет, а бул болсо ишке жарамдуу жарандар менен пенсионерлер үчүн зыянга айланат.

Түшүнүктүү болушу үчүн айтайын, мен шайлоочуларыбызга Доу-Жонс, S&P 500, NASDAQ жана башка индекстерин казууга кеңеш бербейт элем. Экономикалык билими жок карапайым адамдар үчүн бир топ түшүнүктүү жана көрүнүктүү Уоррен Баффеттин индекси. 2020-жылы бул индекс ар кандай ыкмалар менен 181 пайыздан 2017 пайызга чейин ээлик кылат. Бул, албетте, дүйнөлүк экономикадагы рецессияга алып келиши керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости