www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Популярдуу интернет-ресурстарына дыкат байкоо салып турган “Downdetector” сайты кечээ 8инен 9уна оогон түнү дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө бул электрондук байланыш кызматтарында кайрадан татаалчылык жаралганын жазып чыкты.

Бул порталдын билдиргенине караганда, АКШ, Англия, Канада, Германия, Италия, Испания, Нидерланд, Франция жана Орусия сыяктуу бир катар мамлекетерден даттануулар түшкөнү айтылат.

Жаралган бул ыңгайсыздык тууралуу Facebook байланышын камсыздап жаткан тарап аталган мүчүлүштүктөр тууралуу кабардар экенин жана жакынкы аралыкта абалды калыбына келтирээрин айтып, Twitter аркылуу билдирүү таратып, кеткен калпыстыктар үчүн кечирим сурады.

Эске сала кетсек, ушул жуманын башында Фейсбук меен байланышкан социалдык тармактар боюнча ааламдын көптөгөн өлкөсүндө 7 сааттай массалык кыйынчылыктар жаралган. Ал эми 2008-жылы алар бир суткага жакын убакытка өчүрүлүп, кулак-мурунду “кескендей” абал түзүлгөн.

Ушундайда мындан бир ай мурун калифорниялык окмуштуулардын жер планетасында магниттик талаанын жыш болуп кеткенинен улам “интернет желеси” бир айга жакын каалаган убакта жок болуп кетиши мүмкүн деген божомолдору да кайрадан эске келип кетет. Соңку заманда адамзат жалаң интернет менен байланышып калган чакта мындай көрүнүштүр чынында чыйрыктырып да ийет экен, эй. Андай мүчүлүштүктөр жаралбай эле койсунчу дейли.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости