www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргызстанда эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүү акциясын улантууда. Бул тууралуу маалыматты Жогогорку Кеңештин депутатты Искендер Матраимов кыргызстандыктарга билдирүү таратты.

Төмөндө депутат Искендер Матраимовдун билдирүүсү толугу менен:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргызстанда эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүү акциясын улантууда. Белгилүү болгондой өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ар бир кыргызстандыкты бул кырдаалда кайдыгер карап турбай элге кол сунуусун, ак халатчан өмүр сакчыларына колдоо көрсөтүү керектигин айткан эле.

Акыркы төрт күн ичинде Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду.

🔹Бүгүн, саат 14:00 биз Бишкектеги «Rixon» мейманканасынын базасында оорукана ачып жатабыз. Бул жакта жалпы орундардын саны 60. Мейманканын аймагында дарыгерлер үчүн жатакана уюштурулат;

🔹Мындан сырткары «Эльдорадо» соода борборунун аймагында да дагы стационар ачылат. Ал оорукана 200 адамга ылайыкталган;

🔹Ошто «Андрос-Ош» көп профилдүү оорукананын базасында да 35 орундуу оорукана ачылат;
🔹Эгерде ооруканалар дагы деле жетишпей жаткан болсо, биз «EREM» спорткомплексин күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз.

На изображении может находиться: спальня и в помещении

На изображении может находиться: в помещении

На изображении может находиться: люди сидят и в помещении

Бул убактылуу ооруканаларда Фонд коронавирус илдетинин кесепетинен келип чыккан пневмониянын оор түрү менен жабыркаган оорулуларды айыктыруу үчүн баардык шарттарды түзүп жатат. Ар бир ооруканада реанимация бөлүмү болот.

Алсак Райымбек Матраимов:

🔹10 жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ);
🔹 500 кислороддук концетраторлорду;
🔹 2 портативдуу рентген аппараттарын
🔹 50 кандагы кислородду текшерүүчү оксиметрлерди
🔹200 дарыгерлердин коргонуучу костюмдары сатып алынды.

Андан тышкары дарыгерлердин айлыктары, оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин 3 маал тамагы Фонд тарабынан камсыздалат.

На изображении может находиться: дом, дерево, растение, небо, трава и на улице

На изображении может находиться: небо, дерево и на улице

На изображении может находиться: небо, дерево, растение и на улице

Кайрымдуулук Фондунун өкүлү Искендер Матраимов вице-премьер Акрам Мадумаров атайын комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Саламаттык Сактоо министриги бейтаптарды дарылоо процессин көзөмөлгө алып, ооруканаларды дарыгерлер менен камсыздоо ишин колго алмай болду.

На изображении может находиться: на улице, текст «RIXON HOTEL»

На изображении может находиться: 1 человек, стоит и в помещении

Өз кезегинде Райымбек Матраимовдун жана Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун командасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Саламаттык Сактоо министрилигине тез арада кызматташкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет, - дейт депутат Искендер Матраимов.

На изображении может находиться: гостиная, стол и в помещении

Булак: NazarNews.kg

Последние новости