www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды, алар бүгүн чартердик каттам менен Кытай Эл Республикасынан алып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Белгилей кетсек, жуманын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн. 

Мобилдик кычкылтек концентраторлорун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жуманын башында башталган. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин ыкчам ишинин натыйжасында мобилдик концентраторлор кыска мөөнөттө республикага жеткирилди. 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даана келди, кийинки 500 даана партия өлкөгө келерки жумада жеткирилет.

«COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында бүгүн өлкөгө жеткирилген мобилдик кычкылтек концентраторлору өтө зарыл. Кычкылтек концентраторлору көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет», - деди Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кычкылтек концентраты ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган жарандар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости