www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийлик аз убакыт бийлик башында турган Кедейкан болуп калбаса экен. Жапаровко жакын кошуна мамлекеттер - Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Орусия, Беларус, Кытай бир үн ката элек. Буга чейин Орусия кабыл алган чечим, 2021-жылдан 2027-жылга чейин кызматташуу программасы боюнча сүйлөшүү токтотулду. Европа Биримдиги Кыргызстанга жардам иретинде каражат бөлүүнү токтотту. Санариптештирүү үчүн каралган 6 млн. евро берилбей турган болду. Евразия фондунан 8 млрд. сом насыя жана бюджет үчүн жылда берилип келген 30 млн. доллар грант токтотулган.

Бабановдун кол баласы Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Москвага барып, эч нерсеге жетише албады. Тескерисинче “дипломатиялык чатак” чыгып, “кожоюндар кимдигин” дагы бир жолу мыктылап таанып келди (мына ошол учурда Казакпаевге абалды иреттеп кетүүгө дипломатиялык ийкемдүүлүк, чеберчилик жетишпеди. Ошонун айынан Кыргызстанды да, өзүн да уят кылды. Казакпаевге кыргызча суроо берилгенде, абалды түшүндүрүп туруп, орусча жооп берип койсо эле, Путинден катуу кагуу жебейт эле, эл да басынбайт эле.

Эми. Садыр Жапаров өзүнүн кеңешчиси Чыңгыз Айдарбековду Москвага жөнөткөн. КР Тышкы иштер министрлигинин мурунку башчысы Айдарбеков Сергей Лавров, Орусия Федерациясынын өкмөт мүчөлөрү жана Мамлекеттик Думанын жетекчилиги менен Кремлдин администрациясында жолугушууну каалаган. Бирок, бардыгы жолугушуудан баш тартышты. Садыр Жапаров Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жолугушууну пландаштырган, бирок жолугушууга чет элдик элчилер келбей койду. Бул уятын жабуу үчүн чиновниктер бул жолугушуу кийинкиге калтырылганын айтышты. Учурда кыргыз элчилери, дипломаттары жанталашып Батышты “жибитүүгө” аракет жасап жатат. Алар Бишкектеги элчилерди “чайга” чакырып, батыштын өзүндө жолугушууларга умтулуп, Кыргызстанда "кырдаал турукташты, баары жакшы болуп жатат" деп абалды түшүндүрүүгө абдан аракеттенип жатышат. Бирок натыйжа болбой жатканы айдан ачык.

Батыш да Орусия сыяктуу эле республикада бийлик мыйзамдашсын деген талапты коюп жатат. Бул деген мыйзам белгилеген мөөнөттө парламенттик шайлоо өтсүн, шайлоодон кийин өкмөт түзүлсүн деген талап.  Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев болсо парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырып салышкан. Анын качан, кандай тартипте өтөрү да белгисиз.

Өкмөттөгү айрым булактар абал мына ушундай улана берсе, келе турган каражаттар келбесе анда жакынкы айларда жөлөк пул, айлык акы, пенсия төлөө жагынан кыйынчылык жараларын чочулай айтып жатышат. Бийликтеги папка талаштын кызыгына баткандар арзыбаган жөлөк пул, пенсияны күтүп отурган калктын аялуу катмарын ого бетер шорлотушу мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости