www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин студенттеринин ортосунда чыккан мушташ элдешүү менен аяктады. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда саат 16:30 чамасында Бишкек ШИИББине Жибек Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишинде 2 чет өлкөлүк жаранды белгисиз адамдар уруп жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн. Айтылган дарекке Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери барып, жогорку окуу жайлардын студенттеринин ортосунда пикир келишпестик чыкканын тактап, аларды милиция кызматына алып келишкен.

Окуянын чоо-жайы такталгандан кийин алар Пакистан өлкөсүнүн жана Кыргыз өлкөсүнүн жарандары экендиги белгилүү болгон.

"Алар милиция кызматына арыз жазуудан баш тартышты. Ортолорунда жаралган пикир келишпестик элдешүү менен аяктады", - деп билдиришти мекемеден. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости