www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды

КРнын Эл артисти, актриса Жамал Сейдакматова бүгүн, 16-февралда таңга жуук дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Маалыматка ылайык, таланттуу актриса 82 жашта болчу.

Жамал Сейдакматова кыргыз киносунун жана театрынын могикандарынын бири болгон. Ал 18-жашында чыгармачылыкка кадам таштап, «Алыскы тоолордо» фильмине тартылган. Анын устаттары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева сыяктуу залкарлар болгон. Кийинчерээк өзү «Туңгуч» театрын негиздеп, бир катар жаштарды тарбиялап чыгарып келди. Ал өзүнө берилген ролдорду трагедия, драма болобу ийине жеткирип аткарып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости