www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эл жазуучусу Жакып Медетов атабыз, агайыбыз 78 жашында бул жалган дүйнөдөгү сапарын карытты. Жума күнүнө оогон түнү, ыйык Рамазан айы башталарда тынч узап кетти.

Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн жери Талас районундагы Арал айылына алынып кетти. Бүрсүгүнү жерге берилет.

Маркумдун жубайына, балдарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Өмүр баяны

Жакып Медетов Талас районундагы Арал (мурунку Терек, Коммунизм) айылында 1939-жылы 9-декабрда туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Ош облусунун Ленин районуна караштуу №9 Ноокен орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1965-жылдан Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер, 1966–1971-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, 1981–1988-жж. улук редактор, башкы редактордун орунбасары. 1971–1973-жж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук илимий кызматкер, 1973-жылдан «Мектеп» басмасында балдар жана жаштар боюнча көркөм адабият редакциясынын башчысы болуп иштеп, 1988-жылдан «Адабият» басмасын жетектеген. 1999-жылдан баштап республикалык радиоуктуруу комитетинде «Казына» чыгармачылык бирикмесинде жетекчилик кызматын өтөдү. 1976-жылы биринчи повесттер жана аңгемелер жыйнагы «Мурат улама» деген ат менен чыккан. Бир нече прозалык жыйнактардын, М.Пришвиндин аңгемелеринин котормосунун автору, «Солнышко» аттуу жыйнактын коллективдүү котормосуна катышкан (1978,1979). 1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1986-жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1991-жылдын 10-январынан эмгек ветераны.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости