www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рахат- белгилүү актриса, фотомодель, бийчи жана жеке бизнеси менен алек болгон кыз. Табият тартуулаган сулуулугу анын сүрөттөрүндө ачык-айкын байкалат. Сыры эмнеде? Бул тууралуу Рахат биз менен бөлүшөт.
- Рахат, сулуулугуңа кам көрүү үчүн эмнеге өзгөчө көңүл бурасың?
- Бир күндүк иш графигим абдан тыгыз болгондуктан, баардыгын план менен ишке ашырганга аракет кылам. Сьемкалар болот, окуум жана бизнесиме көңүл буруу. Мунун баардыгына абдан көп убактыңды коротосуң, чарчайсың жана энергияңдын баарын коротосуң. Бир калыпка келүү үчүн мен эң алгач эс алууга көңүл бурам. Уйку канган учурда маанай көтөрүлүп, ишке да каалоо пайда болот. Күнүнө 6-7 саат уктоо мага жетиштүү.
- Денеңди бир калыпта кармоо үчүн залдарга баш багасыңбы?
- Диета кармоо, жумасына калбай машыгуучу залдарга баруу деген менде жок. Кыймыл аракет менен денеге физикалык күч жумшоо гана мага жетиштүү болот. Көчөдө жөө басуу абдан пайдалуу. Жөө көп басканды абдан жактырам. Мындан сырткары мектепте окуп жүргөнүмдөн тарта бий менен алек болуп келем. Бий- менин жашоомдун дагы бир бөлүгүн түзөт. Пайдалуу жактары да абдан көп. Ошондуктан, бий менен көбүрөөк алек болууга аракеттенем.
- “Диета кармабайм” деп калдың. Тамактан баш тартпайт экенсиң да...?
- Каалаган тамагымды чеги менен жей берем. Баш тартуу деген нерсе менде жок. Эң башкысы туура тамактануу керек. Айрым учурда убактым тар болгон маалда тамак иче албай калган учурлар көп болот. Ал маалда фастфуд жебестен, йогурт, кефир жана салат жегенге аракет кылам.
- Косметикалык каражаттарын көп эле пайдаланасыңбы?
- Косметикалык каражаттар ар бир кыздын бетинде белгилүү бир өлчөмдө күнүгө болушу керек деп эсептебейм. Себеби, косметикалык каражаттардын пайдасынан да, зыяны көп. Анан да эң башкысы жаш куракка жараша косметикалык каражат тандоо керек. Терини тез-тезден дем алдырып, күнүгө кам көрүп туруу зарыл.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg