www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддагы Психикалык ден-соолук борборундагы пациенттер №1 кесиптик лицейдин студенттеринин тынчын алып жаткандыгы тууралуу айрым интернет-сайттарда жарыяланган маалыматтар негизсиз, анткени мындай фактылар аталган борбордун аймагында дегеле катталган эмес. Бул тууралуу аталган борбордун башкы дарыгери Баратали Жантөрөев билдирди.

Анын айтымында, Психикалык ден-соолук борбору турган имарат 1999-жылдагы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин макулдугу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүлгөн. Андан кийин имарат Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоо башкармалыгына берилген. Областтык бириктирилген ооруканынын 2001-жылдагы буйругу менен ал республикалык психиатриялык оорукананын балансына Жалал-Абад шаарындагы №10 психо-наркологиялык бөлүмү үчүн берилди.

Азыркы Психикалык ден-соолук борбору Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2007-жылдагы буйругу менен мурда Кызыл-Жардагы республикалык психиатрлиялык ооруканга караштуу болгон №10 психо-наркологиялык бөлүмүн кайра түзүү аркылуу иштеп калган. Мында 100 койка бар, эркектердин жана аялдардын психиатрлиялык, наркологиялык жана психоматикалык бөлүмдөрү жайгашкан.

-Биздин борбордун негизги максаты – калкка психиатриялык, психотерапиялык, наркологиялык жана психосоциалдык калыбына келтирүү жардамын көрсөтүү, психикалык ден-соолук боюнча иштеген атайын мекемелердин, психиатриялык жана наркологиялык баштапкы жардам көрсөтүүчү уюмдардын ишин координациялоо, психикалык ден-соолук жана психикалык патология маселелери боюнча уюштуруу-усулдук иштерди алып баруу.

Ошондой эле бизде алмаштырып колдоо көрсөтүүчү метадон терапиясы пункту, баңгизатка көз каранды атуулдарга шприц жана ийне алмаштырып берүүчү пункт иштейт.

Биздин бардык пациенттер медперсоналдын такай көзөмөлүндө турушат, алар сыртка өз алдынча чыга алышпайт, анткени биздин борбор атайын адистештирилген медициналык мекеме болгондуктан пациенттер тийиштүү көзөмөлдөөсүз өз алдынча кала алышпайт. Анан калса, кесиптик лицейдин айланасы темир тор менен тосулган, - дейт башкы дарыгер Б. Жантөрөев.

Борбордун жетекчиси айткандай, ал жерде алкоголдун, баңгизаттын жана психикага таасир этүүчү заттардын кандагы деңгээлин медициналык аныктоо иши сутка бою жүрүп турат. Ал медициналык аныктоо иши учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап алып келген атуулдар кыйкырышат, мушташышат жана жаңжалдашышат, айрыкча мындай көрүнүш түңкү маалдарда болот. Бирок, алар борбордун пациенттери эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости