www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келгенин ырастады.

Буга чейин Reuters эл аралык медиа агенттигине 12 өлкөнүн дипломаттары Кытайдын тарбиялоочу лагерлерге барып келгени тууралуу кабар жарыяланган.

ТИМдин "Азаттык" радиосуна берген маалыматына ылайык, 28-декабрдан 30-декабрга чейинки аралыкта Кытай тараптын чакыруусу менен 12 өлкөнүн дипломатиялык миссиялары (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук аймагынын Урумчу, Кашкар жана Хотан шаарларына барып келишкен.

Анда дипломаттар тобу аймактын социалдык-экономикалык абалы менен таанышып, маданий жерлерине, билим берүү окуу жайларына, мечиттерине жана базарларына барышкан. Сапардын алкагында элчиликтердин өкүлдөрү мурда сөз болуп жүргөн тарбиялоочу лагерлерге да барган. Бирок, тышкы иштер министри бул тууралуу маалымат берген жок.

Кытайда улуттук азчылыктар куугунтукка кабылып жатканы, жүз миңдеген адамдар саясий лагерлерде кармалып турганы тууралуу кабарлар дээрлик эки жылдан бери айтылып келет.

2018-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышкан. 29-ноябрда Бишкекте өткөн жыйында Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети да түзүлгөнү белгилүү болгон.

Кытай бийлиги Шинжаңдын жашоочуларынын укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кадыресе билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости