www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү казактар менен дуңгандар арасында жапырт мушташ болгон. Бул боюнча, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мушташка байланыштуу пикирин "Твиттер" баракчасына жазып чыкты.

"Кордай районунда бейбаштык өңүттөгү жапырт мушташ болду. Аны чагымчылар өз пайдасына пайдаланууну көздөгөн. Полиция жагдайды тартипке салып, өз көзөмөлүнө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат”,-деп билдирди.

Ушул тапта, Кордайдагы массалык мушташка байланыштуу полиция учурда териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Ал эми, укук коргоо органдары мушташка эмне себеп болгонун кабарлаша элек.

Эске салсак, Масанчи менен Сарытөбе Кыргызстан менен чек аралаш аймакта, Токмок шаарына тушташ жайгашкан Казакстандын айылдары. Буга байланыштуу, Кыргызстандын Чек ара кызматы, Кордай районундагы кыргыз-казак чек арасында кайтарууну күчөттү.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости