www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ханзаада Гарри падышанын үй-бүлө мүчөсү статусунан баш тартканынын себеби, ал Нептундун таасири астында калган. Бул тууралуу Василиса Володина өзүнүн Инстаграм баракчасынан билдирди.
Анын айтынмында, эгер адам Нептундун таасири астында калса, ал байма-бай туура эмес иш-аракеттерди жасап турат. Чыр-чатак жана интригалар башталат.
“Эмоция башкарып жатат. Анан өздөрү кайра таң калышат, кантип деп. Бул ошол Нептундун таасири”,-деп белгилүү астролог Володина жазган.
Астрологдун айтымында, Гарри 2019-жылы май айында баласы Арчи төрөлгөндөн кийин таасир астында калган. Ата-энеси баланы ошол эле замат титулу жок “жазып” коюшту. Бул анын биринчи катасы болчу.
Андан кийин Нептундун таасири күчтөнүп баштады. 2019-жылы октябрь-ноябрь айларында ханзаада Гарри жана анын аялы Меган Маркл журналисттерге падышанын эрежелери тажатты деп айтышкан. Бул экинчи ката.
Натыйжада 2020-жылы январда ханзаада Гарри менен Маркл титулдан баш тартышты. Володина ханзаада Гарри үчүн февраль айында көңүл калуучу окуялар күтөөрүн айтат. Астролог ханзаада кабыл алган чечимине азыр эле өкүнүп жатат деп эсептейт.
Эске сала кетсек, 8-январда ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карандысыз болууну кабарлашкан.
18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарлаган.
Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg