www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 70 пайызы ЖРТны кыргыз тилинде тапшырат. Кыргыз тили предмети жалпы республикалык тестирлөөдө милдеттүү сабактардын катарынан алынды деген кеп чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев билдирди.
Анын билдиргенине таянсак, бүтүрүүчүлөрдүн 70%дан кѳбүрѳгү ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат. «Анткени 2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлѳмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр. Ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат. Мындан тышкары ушул жылы тестирлөөгө, филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатат», -деп билдирди Үсөналиев.
Эске салсак, Kloop.kg маалыматтык сайты “кыргыз тили предмети жалпы республикалык тестирлөөдө милдеттүү сабактардын катарынан алынды” деген маалымат тараткан.
Булак: NazarNews.kg