www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети 7-сентябрдан тартып кайра иштей баштады. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, өткөрмө бекети саат 8:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

«Каркыра» өткөрмө бекетинен адамдар, транспорт каражаттары, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт. «Каркыра» бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Өткөрмө бекети 2020-жылдан баштап жыл бою иштей турган режимге өткөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы бекетте электрондук виза боюнча эч ким өткөрүлбөй турганын эскертти. Ошондой эле Казакстанга барарда адамдар казак тараптагы эпидемиологиялык абалды жана чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости