www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдыз төлгө: 7-сентябрдан 13-сентябрга чейин

Кой (21.03-20.04)

Конфликт, чыр-чатак сыяктуу терс абалдар коштоосу ыктымал. Күтүүсүз кыймылдардан качып, ката кылуунун алдын алууга болот. Финансылык чыгымдарга көңүл буруу керектелет.  Күтүүсүз окуяларга дал келишиңиз мүмкүн. Карьералык жашооңузда чоң өзгөрүүлөрдү пайда кылган аптага кадам таштаган учуруңуз.

Букачар (21.04-20.05)

Букту ичиңизге катып, эмоционалдык жактан кыйналышыңыз мүмкүн. Мамилелерде туура эмес бааралшуулар байкалып, тең салмаксыздык маселеси жаралат. Ден соолукка кайдыгер карабыңыз. Жок жерден ачууланбаганга аракет кылуу керек. Бул апта карьералык жашооңузга өзгөртүү киргизип, бакытка бөлөнөсүз.

Эгиздер (21.05-21.06)

Мурунку мамилелериңизден жаңы кабар алышыңыз ыктымал. Үй-бүлө, бир туугандарыңыз менен араңызда түшүнбөстүктөр болсо, ортодогу музду эритүү үчүн жакшы кадамдарды таштоочу мезгил болушу мүмкүн. Мурунку маселелерди көп козгобогонго аракет кылыңыз. Карьералык жашоодо күтүүсүз иштен чыгып, жаңы башталгычтарга кадам таштайсыз. Фактыларды жакшылап байкаганга аракет кылыңыз.

Бөйөн (22.06-22.07)

Өтүп кеткендерди эстеп, букту ичке ката бербестен күн менен жашаганга аракет кылыңыз. Эмгегиңиздин каршылыгын материалдык түрдө талап кылгандан тартынышыңыз мүмкүн. Бирок эмгегиңиздин акыбети кайтат.

Арстан (23.07-23.08)

Башка жакка көчүү, жумуш алмаштыруу, үй-бүлөгө байланышкан ойлор сизди жаңы бир жолго түз алып баруусу мүмкүн. Өзүңүзгө убакыт бөлүп, ден соолукка кайдыгер карабаңыз. Финансылык чыгымдарды туура башкарсаңыз, бул аптада ийгилик сизге жылмаят.

Бийкеч (23.08-24.09)

Узак убакыттан бери көйгөй жараткан маселелер чечилет. Шашылыш чечим чыгаруунун ордуна кеңешүү жакшы натыйжасын берет. Финансылык киреше жана инвестициялык булактарга байланышкан күтүүсүз өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Кырдаалдарга даяр болуу, бир кадам алдыда жүрүүңүзгө жардам берет. Мамилелерде тең салмактуу кароого аракет кылыңыз.

Тараза (24.09-23.10)

Катасыз адам жок экендигин унутпаңыз. Финансылык чыгымдарга кайдыгер карабаңыз. Аракет кылган сайын, анын акыбетин көрөсүз. Жубайыңызга каршы жана жеке мамилелерде токтоо болууга аракет кылыңыз.

Чаян (24.10-22.11)

Орток маселелерде тактык менен чечим кабыл алуу сизди ката кетирүүдөн сактайт. Окуяларды кеңейтпей, токтоолук менен чечиңиз. Ден соолукка кайдыгер карабай, өзүңүзгө кам көрүңүз.

Жаачы (23.11-21.12)

Айлана-чөйрө жана шартка ылайык мамиле кылуу өзүңүз жүргөн чөйрө менен гармониялуу болууга шарт түзөт. Бул апта сиз үчүн абдан жыш болуп, тыныгуусуз өтөт. Айрым мамилелерде тоскоолдуктар жаралат. Белгилүү бир убакытка токтоолук, олуттуулук менен мамиле кылыңыз. Балдарыңыз менен убакыт өткөрүү жакшы пайдасын тийгизет.

Текечер (22.12-20.01)

Бул аптасюрприздерге бай болушу мүмкүн. Үй-бүлө менен түшүнбөстүктөр жаралат. Аларды калыбына келтирүү сиздин аракетиңизден көз каранды. Эмпатия жана токтоолук менен үй-бүлөңүз сизге канчалык маанилүү экендигин көрсөтүңүз. Иш чөйрөсүндө байланыштарды тең салмакта кармоого аракет кылыңыз. Команда менен иштөө жүгүңүздү жеңилдетет.

Суу куяр (21.01-19.02)

Кыңыр иштер ортого чыкканда өзүңүздү алданып калгандай сезишиңиз мүмкүн. Өзүңүзгө атаандаша берсеңиз, айланадагы адамдардын кызганычы дагы арта берет. Эч нерсеге карабай жолду улай бериңиз. Мамилелерде түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Жалгыз калуу дайымкыдай сизге пайдалуу болот. Жаңы мамилеге эшик ачуунун убагы келди.

Балык (20.02-20.03)

Өзүңүзгө болгон ишеним азайышы мүмкүн. Ага жол бербеңиз. Экономикалык жактан бейчеки корото бергенди токтотуңуз. Чөйрөңүздөгү бардык адамга жакшы мамиле кылууга милдеттүү эмессиз. Баалаганды баалоо сизди тынчтандырат. Иш чөйрөсүндө жаңы кызматка көтөрүлүшүңүз мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости