www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Cаламат Эргешов бүгүнкү басма сөз  жыйынында Олимпиада-2020 оюндарына кыргыз курама командасы эмне үчүн кытай фирмасынын формасында бара тургандыгын айтып берди.

Анын айтымында Олимпиада-2016 дан кийин Улуттук олимпиада комитети экипировка боюнча демөөрчүлүк программасын баштаган. Кураманы бекер кийим менен камсыздоону көздөгөндөр көп.

Саламат Эргешов: “Демөөрчүлөр Олимпиадага бекер экипировка беребиз десе, биз анда Азия жана өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарына дагы бекер форма бересиңер деген талапты коёбуз”,-дейт ал. Белгилүү болгондой олимпиадалык бул циклге кытайлык фирма макул болуп, Азия оюндары-2018ге 250 комплект форма, ошол эле жылы өткөн өспүрүмдөр Олимпиадасына 50 форма бекер берген. “Эгер экипировкага демөөрчүлөр бар болсо, кийинки олимпиада циклине сунушту карап көрөбүз”,-деп билдирген башкы катчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости