www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмамбет Шыкмаматов: «Парламенттик шайлоого өзүмдөй саясий күчтөр менен барам». Бул тууралуу ал 5-каналдын Статус телеберүүсүндө билдирди.

«Мен мандатымды тапшырдым, кызматым токтоду. Бирок, позициям жана ишим токтогон жок. Азыркы учурда парламенттик шайлоого даярданып жатам. Өзүмдөй, пикирлеш, бирдей баалуулуктарды, бирдей саясий идеологияны тутунган күчтөр менен биригип, шайлоого аттанам«,-дейт Шыкмаматов.

Эске салсак, берген арызынын негизинде “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

Булак: NazarNews.kg

Последние новости