www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык ырчы, музыкант Элтон Жон Окленддеги “Маунт Смарт” стадионунда кечээ, 16-февралда өзүнүн коштошуу кечесинде ырдап жатып үнү чыкпай калган. Ырчы ызаланып ошол жерден ыйлап жиберди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары Элтон Жондун Инстаграм баракчасына шилтеме берип, кабарлашты.

Музыкант сахнадан кеткенден кийин социалдык тармактан кайрылуу жазып чыкты.

“Мен Окленддеги концертимди көргөнгө келген көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирем. Мага бүгүн “пневмония” диагнозун коюшту. Мен болгон жүрөгүм менен ырдап да, ойноп да жаттым. Мен уят болдум, капаланып турам жана кечирим сурайм. Менде эмне болсо ошонун баарын бердим. Сиздердин колдооңор жана сүйүүңөр үчүн чоң рахмат. Мен сиздерге чексиз ыраазымын”,-деп Элтон Жон жазган.

Белгилей кетсек, концерттин ортосунда Элтонду дарыгер текшерген. Ал оорусуна карабастан музыкант бир нече ырды ырдай алган. Бирок, анын үнү чыдабай кетип, чыкпай калган. Ал элдин алдында өзүн кармана албай ыйлап жиберген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости