www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-корей кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Жабык каптамалар ассоциациясынын төрагасы Ли Инь Ёнг жана «Vision K» компаниясынын президенти Джо Джонг Вон менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Кыргызстандын өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу, эл аралык экономикалык форумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореядагы компаниялардын ортосунда соода байланыштарын түзүү боюнча пикир алмашты.

Ассоциациянын төрагасы 200 туруктуу мүчөсү жана интернетте 70 миң мүчөсү бар экендигин айтты. Ал кошумчалагандай, ассоциация Кыргызстандын рыногун изилдөөгө ниеттенип, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы химиялык өндүрүш компаниялары менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости